www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясы 100 жылдыгын белгилеп, ири парад өткөрүлөт

 Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган парадга 1 872 милиция кызматкери катышат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара күз айларында, тагыраагы, 1-ноябрда өтмөкчү.

Парадда баса турчулардын кийимин даярдоого Финансы министрлиги акча бөлгөн.

ИИМдин, Бишкек шаардык, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы, Ош шаардык жана облустук башкармалыгынын парадга катыша турган кызматкерлеринин формалары даярдалганын айтышты.

"100 жылдык маараке өткөрүлгөндөн кийин калган кызматкерлер формалык кийим-кечек менен камсыз болот", — деп жазылат маалыматта.

1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жергиликтүү милиция кызматын түзүп, кадрларды топтоо боюнча чечим кабыл алып, анын жетекчилигине Аркадий Арумов дайындалган.

Милиция басмачыларга каршы күрөшкөн ошол кездеги начар куралданган ыктыярдуу топтордон заманбап мамлекеттик органдарга чейин өсүп жетти.

Кыргыз милициясынын калыптанышына бир топ адамдардын, жетекчилердин, генералдардын салымы зор. Алар бул мезгилде өздөрү кызмат менен кошо тарбияланып, башкаларды тарбиялап, аталган системанын өнүгүшүнө салымын кошту. Алардын катарына милициянын генералы Эргеш Алиевди кошсо болот.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости