www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш жээктеги шаар-кыштактарда, качкындар лагерлеринде баскынчылык аракеттер күчөп жатканы белгиленди.

 Палестина бийлиги Батыш жээкте Израилдин ири масштабдуу операциясын күтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине палестин лидери Махмуд Аббастын эл аралык мамилелер боюнча кеңешчиси жана атайын өкүлү, министр Рифд аль-Малики маек куруп жатып айткан.

Саясатчы азыр Израилдин аскер күчү Батыш жээкти көздөй жылып жатканын, ири масштабдуу операция ошол жерде болорун белгилеген.

"Операция жүрөрү анык. Бардык белгилерин көрүп жатабыз. Биз ага толук даярбыз деп эсептейм. Элибиз каршылык көрсөтүп, өзүнүн жери үчүн, өзүнүн жеринде жашоо укугу үчүн күрөшөт", — деди Аббастын өкүлү.Ал Батыш жээктеги шаар-кыштактарда, качкындар лагерлеринде баскынчылык аракеттер күчөп жатканын белгилеген.

Буга чейин БУУнун оккупацияланган Палестина аймагындагы гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы Израиль армиясы кыйраткан турак жайлардын саны 2023-жылдын 7-октябрынан бери эки эсеге көбөйгөнүн билдирген болчу.

 

Булак: NazarNrews.kg

Последние новости