www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медиктер Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлемекчи.

 Бишкектин Лебединовка аймагында күнү-түнү иштеген беш Тез жардам (мобилдүү) жана фельдшердик эки бригадага ылайыкталган №6 линиялык жаңы чакан станция ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан мунун ичинде реанимациялык үч бригада бар экендигин кошумчалашты. Бул жай Чүй облустук кургак учукка каршы оорукананын мурдагы административдик имаратында пайда болгон.

Ал жердеги медиктер Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлемекчи.

"Тез жардам борборунун жаңы линиялык чыкма бекетчесинин ачылышы Бишкек шаарында жана анын айланасындагы аймактарда медициналык тез жардам көрсөтүү системасын чыңдоододогу маанилүү кадам болуп саналат", – деген анын ачылышына катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости