www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда кош бойлуу аялды өлтүрүүгө жана бала уурдоого айыпталган аял өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.
«Ассошиэйтед Пресс» («Associated Press») басылмасы айыпталуучу АКШда 60 жылдан ашуун убакыттан кийин өлүм жазасына тартылган биринчи аял болорун жазды.
2007-жылы октябрда Миссури штатынын соту Лиза Монтгомерини кош бойлуу аялдын өлүмүнө жана бала уурдоого айыптап, өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарган.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Монтгомери Миссури штатында жашаган маркумдун үйүнө күчүк сатып алуу жүйөөсү менен келип кош бойлуу Бобби Жо Стиннетти муунтуп өлтүрүп, ичин кесип, кызын уурдап кеткен.
Монтгомери Стиннетти өлтүргөнүн жана баласын уурдап кеткенин мойнуна алган. Ага Индиана штатындагы Терре-Хот түрмөсүндө адам өлүмүнө алып келген инъекция сайылат. Өкүм ушул жылдын 8-декабрында аткарылмакчы.
«Ассошиэйтед Пресс» белгилегендей, Юстиция министрлиги 20 жылдык тыныгуудан кийин ушул жылдын июль айында өлүм жазасын кайра киргизген. Монтгомери бул убакыттын ичинде өлүм жазасына айыпталган тогузунчу кылмышкер болуп калды.
Булак: NazarNews.kg