www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Техас штатында туруксуз аба-ырайы жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам каза болгондордун саны 111ге жетти.
Техас штаты баш болгон өлкөнүн ички борбордук жана түштүк бөлүктөрүнө таасирин тийгизген калың кар жана тоңгон муз жагымсыз жагдайларды жаратты.
Ассошиэйтед Пресс билдиргендей, катуу сууктан жана ага байланыштуу кырсыктардан улам 111 адам көз жумду.
АКШ Алабама штатында болгон куюндарда болсо кеминде 5 адам каза болду.
Улуттук метеорология кызматы, штат боюнча 7 башка жерде катуу куюн болгонун билдирди.
Калхун полиция башчысы, аймактардан өткөн куюндун айынан кеминде 5 адамдын каза болгонун, үйлөргө жана имараттарга чоң зыян келтиргендигин айтты.
Бирмингем аймагынын Улуттук метеорология кызматы да Твиттердеги аккаунтунда калкты куюн коркунучу жөнүндө эскертти.
Пельхем шаарындагы 30-50 имараттын куюндан жабыркагандыгы кабарланган билдирүүдө, үйлөрдүн чатырлары учуп бак-дарактар жана электр мамылары талкалангандыгы белгиленди.
Алабамада 17 миңден ашуун үй бүлөдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Алабама штатынын губернатору Кей Ивери, өзгөчө штаттын түндүгүндөгү 46 аймакта куюн коркунучунун уланышы мүмкүн экендигин эскертип, жарандарды зарыл болгон чараларды көрүүгө чакырды.
Метеорологдор куюнга себеп болгон аба шарттарынын Алабама, Теннеси жана Жорджия сыяктуу штаттарга таасирин тийгизип, болжол менен 5,5 миллион адамды камтыйт деп эскертишти.
Булак: NazarNews.kg