www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Депутаттардан түзүлгөн комиссия кимдин кызыкчылыгын коргоп жатканы белгисиз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.
--“Азыр Кумтөрдү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссияны мыйзамдуу деген туура эмес. Себеби, ал депуттардын мөөнөтү күзүндө эле аяктаган. Ошону менен катар алар өздөрүнүн абийирин өздөрү чукуйбу? Мындан сырткары булар кимдин пайдасына иштеп, иликтеп жана казып жатканы баарыбызга кызык. Муну терең анализдеш керек. Мисалы, ошолордун бирөө дагы Америкага, Монголияга барып бул компаниянын тарыхын менен таанышып көрүшүптүрбү? Азыр бул комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүп жатышыптыр. Кимдин пайдасына чечилип жатканы белгисиз. Бей өкмөт уюмдар жана башка эксперт, адистерди кошпой жатышыптыр. Анын үстүнө бул Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого карата саясий дивиденд алалы деп баратабы, же көздөгөндөрү башкабы азырынча бизге туман”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg