www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 кайдан келип чыкканын иликтөө маселесин түштөн кийин АКШдагы республикачылар көтөрүп чыгышты.

Мыйзам чыгаруучулар аткаминерлерден Кытайдагы лабраториядан вирустун кокустан чыгып кетүү гипотезасынын документтерин көрсөтүүнү талап кылышты.

Эл өкүлдөр палатасындагы республикачылар Джо Байдендин администрациясындагы буга чейин иштеп кетишкен жана учурда иштеп жатышкан аткаминерлерге суроо-талаптарды койду.

Депутаттар жолдогон каттарда документтерди көрсөтүүнү жана бул иш боюнча суралган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн сурашкан. Палатадагы көзөмөлдөөчү комитеттердин республикачы төрагалары Кытай лабораториясынан вирустун күтүүсүздөн чыгып кетүү гипотезасы боюнча маалыматтарды бир канча аткаминерден такташты. Мындай сурамжылоого алынгандардын ичинде өлкөнүн инфекциялык оорулар боюнча башкы эксперти Энтони Фаучи да бар.

Кыргызстанда кызыктар деги көп, андан дагы кызыгы АКШдагы "Республикачылар" бизден ашып түштү сыягы. Дегенибиз, кар жаап из басылып, канчалаган адамдар өлүп кеткенден кийин иликтегени кандай? 

Нур БАЙГАЗАК

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости