www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы күнү Бишкекте – бийлик менен жарандык коом ортосундагы мамилелерге арналган тегерек стол болуп өттү, ага белгилүү саясат таануучулар, аналитиктер жана журналисттер катышты. Жалпы жыйынтык – бийлик менен жарандык коом бир-бирине душман болбостон, өнөктөшүп аракеттенгенде гана коомдо чыныгы демократиялык өнүгүү болот.

Азыркы пайда болгон кырдаалдын көптөгөн себептери айтылды жана алардын бири – тышкы таасир деп да белгиленди, анткени кыргыз бийлигинин аракеттери дагы, тышкы агенттерди аныктоо же эркин маалымат каражаттарына каршы кабыл алынып жаткан мыйзамдар дагы – Орусияда кабыл алынып, иштей баштаган мыйзамдардын көчүрмөсү. Орусияда болсо азыр абал Кыргызстандыкынан да опурталдуу.

Бирок Украинага каршы согуш баштаган Орусия азыр чоң геосаясий оюн ойноп жатат жана анын амбициялары дагы өтө жогору, кыргыз бийлиги аны туурайм деп коомдун ар башка бөлүктөрүн бир-бирине душман кылып, кастык маанайды күчөтсө, ал чоң кыйроого алып келиши мүмкүн.

Последние новости