www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

WhatsApp башчысы Уилл Кэткарт Telegram каналын тиешелүү коопсуздук шарттары өз деңгээлинде жасалбагандыгын айтып, айыптады.

Ошондуктан Павел Дуровдун бул мессенджеринен бардык колдонуучуларды баш тартууга чакырды. Бул туурасында ал өзүнүн Twitter баракчасында жазып чыккан.

Кэткарт "Telegram үнсүз өткөрмө шифрлөөдөн корголбогондугун жана Е2ЕЕ (өткөрмө шифрлөө) сунуш кылбай жаткандыгын" билдирди.

Бул билдирүүсү менен ал WhatsApp Павел Дуровдун мессенджеринен артыкчылыгын көрсөтүүгө далалаттанууда. Аны менен ал кадимки чаттарда жана топтордо америкалык мессенджер өзгөчөлөнүп тургандыгын көрсөткүсү келет. 

Wiredке чыккан макаладан үзүндү келтирген WhatsApp кожоюну Telegramдын жабык чаттарындагы жазуулардан бери окуй ала турган аянычтуу ахыбалын сүрөттөйт. Алардын Е2ЕЕ өткөрмө шифрлөө боюнча протоколдорундагы көз карандысыз текшерүүлөрүндө "айрым активисттер аныктагандай эч ким буза алгыс функция катары макталган Telegram дын "жашыруун чаттарын" үчүнчү тараптар да угуп коюп жаткандыгы" менен айыптады. Кэткарт бул сыны албетте, жеке кызыкчылыктан чыгып жаткандай көрүнүшү мүмкүндүгүн моюнга алып, баардыгын эле WhatsAppка кошулууга үндөбөсүн, "көптөгөн буларга окшош каналдар да бар экендигин, ошолорду да тандаса болоорун" айтты.

"WhatsAppты колдонбосоңор Telegramды деле пайдаланбай эле койгула", - деп жыйынтыктады Кэткарт.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындан бир аз мурдараак Павел Дуров дагы "WhatsAppты колдонбогула", - деген  чакырык менен чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости