www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахриддин Кожа иш сапары учурунда жарылуу болду. Бул тууралуу “Ахабер” телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Фахриддин Кожа жер титирөө болгон аймактагы жабыркагандардын абалын билүү үчүн алар убактылуу баш калкалаган чатырларга барган. Көзөмөл кылуу учурунда чатырлардын алдында жылытуу үчүн жагылган көмүр күйүп, жарылып кеткен.

Жардыруу болгон аймак боюнча так маалымат берилген жок. Министрдин ден соолугу жакшы, жабыркагандар жок экени айтылууда.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жолу жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 балл).  

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахриддин Кожа Хатайдагы AFAD борборунда өткөн жыйында өлкөнүн болуп көрбөгөндөй бир апаат менен күрөшүп жатканын айтты. Ал ошондой эле бардык элдерге алардын универсалдуу куч-аракеттери үчүн чын жүрөктен алкыш айтты.

Последние новости