www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Канат Джумагазиев кызматтык күнүндөгү иш-чарасын соцтармагына жазып чыкты.
Деңиз деңгээлинен 4000 метрге жакын бийиктиктеги жолугушуу.
Нарын облусунун жөнөкөй жарандары, өзгөчө бийик тоолуу райондордо жана катаал климаттык шарттарда жашагандар бүгүн эмне менен жашап жатышат? Өзүнүн кичи мекенине жана табигый кооздугу менен айырмаланган жерине берилген тургундарды, өзгөчө алыскы кыштоолордо жашаган чабандарды кандай суроолор кызыктырат? Аларды кандай маселелер тынчсыздандырат? Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн биз – облустук мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Калдарович Эргешовдун демилгеси менен Ат-Башы районунун Ак-Сай, Карал-Дөбө, Көк-Кыя аймактарында болуп, жеринен кабар алып келдик.
Бүгүнкү күндө бири-биринен 70-80 чакырым алыстыкта жайгашкан бул аймактардын кыштоосунда 10 миңден ашуун топоз, 7 миңдей кой, 4 миңдей жылкы жана үй жандыктарынын башка түрлөрү бар. Мал-жандыктарын көзөмөлдөп, ушул уникалдуу аймакта биздин болгону 278 мекендешибиз жашашат.
Өз өмүрүн малчылык кесиби менен байланыштырган адамдарды - бул жерде «Жайыттарды багынтуучулар жана ааламдын романтиктери» деп аташат.
Бирок, мал чарбачылыгы өзгөчө билимди, ал тургай өзгөчө адамдык мүнөздөрдү талап кылат. Кыштоодо эмгектенүүнү жөнөкөй деп айтууга болбойт. Себеби, татаал жаратылыш шарттарында эмгектенүүгө туура келет.
Жолугушуу учурунда биз Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов менен бирге жергиликтүү тургундар Бактыбек Орозобаевдин, Кеңешбек Мамбеталиевдин, Жайлоо Сияевдин, Бактыбек Абдылдаевдин жана башка көптөгөн адамдардын пикирлерин кызыгуу менен уктук. Аларды карап туруп, бир гана пикирге келесиң. Мекенине жана кесибине чындап берилген адамдар гана өнүгүүгө жана ийгиликке жетише алышат.
Бул жерде кыш мезгилинде абанын температурасы минус элүү сегиз градуска чейин төмөндөйт. Ушундай катаал шарттарга карабастан, бул жердеги адамдар өтө эмгекчил келишет. Мал-жандыктарын багышат, чыдамдуу тоо жаныбарлары болгон топоздорду өстүрүшөт. Жашоо образы, адамдардын чөйрөсү, ар кандай кызыкчылыктар, аларда эрктүүлүктүн жана эр жүрөктүүлүктүн мүнөзүн тарбиялайт. Алар турмуштук чындыктарга карата өзгөчө чыдамдуулук жана объективдүү мамиле менен карашат. Ички бейкалыс пикирлерден жана терс калдыктардан жогору болуу жөндөмү менен айырмаланат.
Жолугушуунун алкагында биз бир катар көйгөйлүү маселелерди талкууладык, ошондой эле алардын каалоолорун уктук. Жолугушуу биз үчүн да, жергиликтүү тургундар үчүн да чоң пайда алып келди.
Мындай жолугушуулар Нарын облусунун башка алыскы аймактарында да өткөрүлөт, - деп жазып калтырган милициянын полковниги Канат Жумагазиев.
Булак: NazarNews.kg