www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Сергей Лавровдун Антальяда өткөн дипломатиялык форумдун атайын жыйынындагы кебин жарыялады.

ТИМ башчысынын билдирүүсүндөгү урунттуу учурлар:

көп кырдуулук – бүгүнкү күндүн чындыгы. Бул кимдир бирөө капыстан элеБатышка чакырык таштоону чечкендиги үчүн эмес, экономикалык өнүгүү жаңы, ири жана кубаттуу мамлекеттерди алдыңкы сапка алып чыккандыктан болуп жатат;

дүйнөлүк өнүгүүнүн борбору Азия-Тынч океан аймагына, биринчи кезекте Түштүк жана Чыгыш Азияга ооду. Евразия азыр дүйнөлүк өнүгүүнүн кыймылдаткычы болуп калды. Евроатлантика булролун жоготкон;

15 жылдан бери Женеванын Куралсыздандыруу боюнча конференциясынын"столунда" Россия менен Кытайдын космос мейкиндигине куралдын бардык түрүн жөнөтүүгө тыюу салуу жөнүндөгү келишим долбоору турат. АКШ аны бөгөттөп жатат. Эми буга Москва менен Пекинди айыптоону чечишти;

Россия АКШдагы шайлоолор "тартуулай" турган бурулуштарды күтпөйт;

Москва Палестина биримдигин калыбына келтирүү менен алектенет. Палестиналыктар ортосундагы (ФАТХ жана ХАМАС, Батыш жээги жана Газа) бөлүнүп-жарылуулар алардын позициясын алсыздандырып, сырткы чөйрө менен сүйлөшүүдөн алаксытат;

Батыштагы кесиптештер колониялык ой жүгүртүүдөн баш тартып, башкалардын эсебинен жашаганды, эл аралык мамилелерде текебердик, расисттик мамиле жасаганды токтотушу керек;

Кишинёвдо түзүлгөн режим киевдик режимдин изи менен бара жатат: оруска тиешелүүнүн баарын жеришип, бардык тармактарда орус тилин дискриминациялоо жүрүүдө, украиналыктар менен биргеликте Приднестровьеде олуттуу экономикалык басым көрсөтүшүүдө.

Последние новости