www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бангладештик кесиптеши Хасан Махмудга Дакка шаарындагы соода борборундагы өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"29-февралда Дакка шаарындагы соода борборунда болгон өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын азабын бөлүшүп, аларга туруктуулук, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалайм", – деп айтылат КР ТИМ башчысынын телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости