www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кумар оюндары өткөрүлгөн 2 жай табылды

Мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн жайлар табылды, деп билдирди УКМК.

«Ош шаарындагы бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын уюштурган адамдар аныкталды. Тактап айтканда аталган жайларда “Русское лото” оюндары уюштурулган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 29-февралда кумар оюндарынын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр менен жабылды», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости