www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулду

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулду

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган стадиондун коргонуна чектеш муниципалдык жер тилкелерге өз билемдик менен уруксатсыз курулуштарды куруп алган 13 жеке жарандын ар түрдүү курулуштары буздурулду.

Ошондой эле шаардын Малашов көчөсүнүн жээгинен ижара шартында пайдаланууга берилген муниципалдык жер тилкелердеги курулуштарды бузуу боюнча 15 ижарачыга эскертүүлөр берилип, 1 ижарачынын курулушун буздуруу жумуштары башталды.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер ээлерине, жеке менчик жер тилкелеринен сырткары жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алууну токтотууну жана өз билемдик менен уруксатсыз курулуштарды курбоону, эгерде уруксатсыз ээлеп алган жана куруп алган курулуштары бар жеке жана юридикалык жактарга, муниципалдык жер тилкелерди өз эсебинен бошотуп коюну эскертет.

Мындан ары башкармалык тарабынан муниципалдык жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алуу, уруксатсыз курулуштарды куруу жана ижара шартында берилген жер тилкелердин максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча тынымсыз рейддер жүргүзүлөт.

Последние новости