www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясы ФИФАга арыз берди

Сауд Аравиясы 2034-жылкы Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө арыз берди. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Булактын айтымында, саудиялыктар өз арызында «Биз бирге өсөбүз» деген ураанды колдонушкан. Сауд Арабиянын футбол федерациясынын президенти Ясир Аль-Мисехалдын айтымында, бул ураан падышалыктын, анын эли менен дүйнөлүк футболдун ортосундагы байланышты билдирет.

Сауд Аравиясы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө жалгыз талапкер болгонуна карабай ФИФАнын эрежелери боюнча расмий арыз берген. Уюмдун конгресси быйыл Сауд Арабиянын арызын бекитет.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы 2021-жылдан бери спортко дээрлик 5 миллиард фунт стерлинг жумшаган.

Адегенде Австралия 2034-жылкы Дүйнө чемпиондугун өткөрүү үчүн фаворит болот деп болжолдонгон, анткени континентте мындай масштабдагы футбол турнири эч качан өткөн эмес. Австралиянын футбол федерациясынын жетекчилиги өлкө дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө арыз бербестигин билдирди.

Последние новости