www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдан ЙПГге жардам

АКШ Сириянын түндүк – чыгышындагы ПЙД/ПКК террордук уюмуна 48 унаа жана 250 аскерден турган жаңы бир колдоо конвоюн жиберди. Кечээ Сирия  -  Ирак чек арасында Семалка чек ара капкасынан кирген АКШ конвоюу Хасекинин чыгышындагы Маликиге жетти. АКШ Түркиянын Сириянын Каракоч аймагындагы ПКК буталарын атуусунан кийин террордук уюмга 22 фура курал, ок – дары жана унаа жардам берди.

Террордук уюмга курал, ок – дары жана машыгуу боюнча жардам берген АКШнын Түркиянын чек аранын ары жагына карата күрөшүнөн кийин ПЙД/ПККга карата колдоосун арттырышы көңүлдөрдү бурууда.  

Түрк куралдуу күчтөрүнүн өткөн жумада Каракоч жана Ирактын Синжар аймагындагы ПКК буталарын атуусунан кийин террордук уюмдун чек арадагы түрк куралдуу күчтөрүн бутага алган кол салууларында Америкада жасалган TOW ракетасын колдонгондугу ортого чыккан.

ПЙД/ПКК Сириянын түндүк  - чыгыш чек арасында террордук коридор курууну максат кылууда.  

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости