www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

BMW X7 автоунаасын жеткирүү боюнча алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына З.А. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылган.

Аныкталгандай, 2025-жылдын 26-сентябрында борбор калаадагы соода борборлорунун биринде У.А. жабырлануучунун ишенимине кирип, АКШдан BMW X7 үлгүсүндөгү автоунааны Грузияга жеткирип, андан соң Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү убада кылган. Ал өзүн ЖЧКлардын биринин башкы директору катары тааныштырып, эки тараптуу келишим түзүп, компаниянын жетекчисинин атынан кол коюп, З.А.дан 33 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

2026-жылдын 6-январында автоунаа Грузиянын Поти шаарынын деңиз портуна келген, бирок белгиленген мөөнөттө жабырлануучуга өткөрүлүп берилген эмес.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө У.А. келишимди белгиленген тартипте каттатпаганы, ошондой эле алынган 33 000 АКШ долларынын ичинен 8 600 долларды келишимде көрсөтүлбөгөн максаттарга жумшаганы аныкталган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган У.А. аттуу шектүү аныкталып, кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын ушуга окшош башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги аныкталууда.

 

 

Последние новости