www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШга баруу үчүн жаңы эрежелер кирди

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШга кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу маалымат берди.

8-ноябрдан тартып АКШга учак менен бара турган чет элдик жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек жана учакка отуруудан мурун эмдөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документти көрсөтүшү зарыл.

Ал эми эмделбеген адамдар, анын ичинде АКШнын жарандары же эмдөөдөн бошотулган чет өлкөлүк жарандар АКШга учарга 1 күн калганда коронавируска тест тапшырышы керек.

Ошондой эле эмделген адамдар да АКШга учар алдында коронавируска тест тапшырышат.

АКШга бара жаткан адамдар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму же АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлигинин Азык-түлүк жана медициналык каражаттардын сапатына санитардык көзөмөл жүргүзүү башкармалыгы (FDA) тарабынан жактырылган вакциналар менен эмделиши кажет.

Сунушталган вакцианалар:

«Janssen/J&J»;

«Pfizer-BioNTech»;

«Moderna»;

«AstraZeneca»;

«Covaxin»;

«Covishield»;

«BIBP/Sinopharm»;

«Sinovac».

Эмдөөдөн өтпөсө да АКШга кирүүгө уруксат берилет:

- 18 жашка чейинки балдарга:

- дарыгерлер тарабынан эмдөө сунушталбаган адамдарга:

- өзгөчө кырдаалга кабылып, эмдөөдөн өтө албаган жарандарга:

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги travel.state.gov жана cdc.gov сайттарынан да маалымат алууну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости