www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Психолог Серикгүл Сали аялдарга бир убакта эки күйөөлүү болууга кеңеш берди. Муну ал ар бир эркек эле бир аялды камсыздай албайт деп негиздейт. Серикгүл стандарттуу эмес чечимди сунуштады – бир аял, эки күйөө. Мындан тышкары, адис кош аялдуулукка эркектерге да жол берилиши керектигин белгиледи.

«Ар бир аял экиден, эркек экиден аял ала турган мыйзам кабыл алынышы керек. Аял толук камсыз болушу керек. Кандай караба, мындай мүмкүнчүлүк бардык эле эркектерде боло бербейт. Ал эми эки жубай аялга колдоо көрсөтө алат», - деди психолог.

Бул боюнча Чымкенттиктер эки ача реакция кылышты:

-Эми керек болсо эки күйөөлүү болсун; «Чоң атам менен 60 жылдай чогуу жашап, башка жар издөөнү ойлогон эмеспиз. Бул жаңы тенденциялар, алар бизге түшүнүксүз жана кызыксыз»;

«Эки аял же эки күйөөлүү болуу адеп-ахлаксыздык», - деп комментарий калтырышкан социалдык тармактын колдонуучулары

«Совет бийлигинин келиши менен көп аял алуу жана калың мыйзамдык деңгээлде жоюлду, бирок Эгемендүүлүктүн келиши менен Казакстанда эркектер бейрасмий түрдө «токал» ала башташты», — деп жазат казак басылмалары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости