www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдайт. Карашевдин арызын БШК 8-ноябрда карап, каттоону жокко чыгарып, анын ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алды. Карашев №12 Өзгөн шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн.
Ушуну менен бир мандаттуу округдардан шайлоого бараткан талапкердердин саны 310 болду.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Эске сала кетсек, шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия талапкер катталган.
Булак: NazarNews.kg