www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин менен бирге кызматташкан Аскар Акаев он алты жылдан бери Москвада дымы чыкпай жаткан. Быйыл августта бийликтен «добро» алып Кыргызстанга келип Кумтөр боюнча УКМКга сурак берип кетти. Андан соң экс-канайым Майрам Дүйшөновна көп элге билинбей туулган жери Таласка чейин келип энеси менен учурашып кетти.
1944-жылдын 10-ноябрында Кеминде туулган Аскар Акаев буга чейин саясаттан четтеп калган, бул ирет ал Москвада жүргөндө дайым каттап жүргөн балдызы, азыркы «министрлердин массажисти» Токтайым Үмөталиеванын «Жашасын Кыргызстан» партиясын камчылай баштады.
Акаевдин кызы Бермет учурунда «Алга, Кыргызстан» партиясын жетектеген, аны ал кездеги президент Аскар Акаев колдогон. Эми «Жашасын Кыргызстан» деп атын жакшы коюптур, заты кандай болду экен?
Аскар Акаев президент болуп турганда, Борис Ельцин мыйзам боюнча үчүнчү ирет президент болбошун түшүнүп ордун Владимир Путинге өткөзүп берет. Андан бери санап отурсак Кыргызстанда Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров болуп алтынчы президент менен иштешип жатат.
Путин 1999-жылдын августунда премьер-министр болуп келет, ал учурда Муралиев Амангелди өкмөт башында турган. Андан бери премьердин милдетин аткаруучулар менен жыйырма жети өкмөт башчысы менен иштештик.
Муралиев Амангелди Мурсадыкович (1999-2000), Бакиев Курманбек Салиевич (2001-2002), Танаев Николай Тимофеевич (2002-2005), Кадырбеков Ишенбай (2005-жылдын 24-марты), Бакиев Курманбек Салиевич (2005-жылдын март-июлу), Кулов Феликс Шаршенбаевич (2005-2007), Исабеков Азим Бейшенбаевич (29.01-29.03.2007), Атамбаев Алмаз Шаршенович (29.03.-24.12.2007), Жапаров Акылбек Үсөнбекович (2007-жылдын октябры), Айдаралиев Искендербек (2007-жылдын октябрь-декабры), Чудинов Игор Витальевич (24.12.2007-2009), Үсөнов Данияр (2009-2010), Отунбаева Роза Исаковна (2010-жылдын апрель-июну), Муралиев Амангелди Мурсадыкович (техникалык өкмөттү жетектеген), Атамбаев Алмаз Шаршенович (2010- 2011), Бабанов Ѳмүрбек Токтогулович (2011-12),Сатыбалдиев Жантѳрѳ Жолдошевич (2012-2014), Оторбаев Жоомарт Кайыпович (2014-2015), Сариев Темир Аргенбаевич (2015-2016), Жээнбеков Сооронбай Шарипович (2016-2017), Исаков Сапар Жумакадырович (2017-2018), Абулгазиев Мухаммедкалый (2018-2020), Кубатбек Боронов (2020 –июль -2020-октябрь), Садыр Жапаров (2020-октябрь- 2020 декабрь), Артем Новиков (милдетин аткаруучу) (2020-декабрь-2021-январь), Улукбек Марипов (2020-2021), Жапаров Акылбек Үсөнбекович (2021-жылдын октябрынан).
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg