www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШга «өзөктүк бомба» ташталды. Окуянын чоо-жайы

АКШнын аскер кызматкерлери Невада штатындагы Тонопа полигонунда жасалма өзөктүк бомба ташташты. Бул тууралуу The Drive жазат.

Маалыматка ылайык, В61-12 бомбасынын сыноо версиясы машыгуунун алкагында жардырылган. Аны F-35A кыруучу учагы таштаган.

The Drive жаңы бомба инерциялык навигация системасы жана өркүндөтүлгөн куйругу менен жабдылганы тууралуу жазат. F-35Aдан тышкары, куралды F-15E жана F-16C / D учактары колдонушу мүмкүн.

Басылманын авторунун айтымында, сыноо жашыруун өткөрүлгөн. Ал өзөктүк эмес бир нече макеттер да болушу мүмкүн экенин айтат. Бомба ар кандай бийиктиктен жана ылдамдыкта эки жолу ташталганы кошумчаланат.

Бул жаңы куралдын акыркы сыноосу. Машыгуунун жыйынтыгына АКШнын Коргоо менен Энергетика министрликтери баа берет.

Биринчи кезекте бөлүмдөр В61-12 жана Ф-35Анын коопсуздук талаптарына ылайыктуулугуна көңүл бурат.

АКШнын Коргоо министрлиги бомбаны 2022-жылга чейин колдонууга берүунү пландап, бирок анын сыноо мөөнөтүн узартууну чечкен.

The Drive биринчи жаңы курал менен Европада жайгашкан F-16C/D кыруучу учактар жабдылганын баса белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости