www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ саясатчысы Жонатан Айткен 2009-жылы Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди мактаган китеби үчүн 166 миң фунт стерлинг алган. Бул тууралуу офшордогу купуя келишимдерди ашкерелеген “Пандора кагаздарында” айтылат.

Guardian басылмасы жазгандай, Айткенге калем акыны Казакстан өкмөтүнө иштеген пиар-компания купуя түрдө төлөгөн.

"2010-жылы апрелде Жонатан Айткен Вашингтонго учту. Калп көрсөтмө бергени үчүн камалган экс-консерватор депутат жана министр АКШда өзүнүн кийинки китебинин бет ачарын өткөрдү. Ал китеп Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди мактаган биография болгон". Ал сенаторлор менен дипломаттар алдында: “Биографтар ант сууну ичкен сүрөтчүлөр го. Алар сүрөттү кенен кенепке тартканды жакшы көрүшөт. Менде Назарбаевдин өмүрүнөн ашкан драмага толтура, күчтүү мындай кенеп болгон эмес”, деп айткан" деп жазган басылма.

“Пандора кагаздарында” Айткен Назарбаев тууралуу китеби үчүн 166 миң фунт стерлинг алганы көрсөтүлгөн. Акча Гонконг менен Британиянын Виргиния аралдары аркылуу экс-министрдин Aitken Consultancy & Research Services Limited компаниясына түшкөн.

Мындан тышкары Айткен АКШда китептин бет ачарын өткөргөнү үчүн да каражат алган.

Китеп “Назарбаев жана Казакстанды жаратуу: коммунизмден капитализмге карай” (Nazarbayev and the Making of Kazakhstan: From Communism to Capitalism) деп аталат.

Британ саясатчысы өз китебинде Назарбаевди өзөктүк куралдан баш тарткан жана ийгиликтүү экономиканы кура алган лидер катары мактаган.

Соцтармактарда тараган маалыматтарга караганда WorldPR 30 миң фунт стерлингге Айткендин бул китебинен 3000 даана алган. Китеп дүкөндөрүндө болгону 466 экземпляр сатылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости