www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республика боюнча колдонулган электр энергиясынын көлөмү кескин көбөйдү. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынан билдирди.

Компания калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат. 5-октябрь күнү өлкө боюнча ченелген электр энергиясынын көлөмү 32 миллион 476 миң киловатт-саат экенине карабай 39 миллион 908 миң киловатт-саат колдонулуп кеткен.

Мекеменин маалыматына караганда, сентябрь айында пайдаланылган электр энергиясы нормадан 890 миллион киловатт-саатка ашып кеткен.

"Токтогул суу сактагычында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз. Зарыл болбогон учурда электр жабдууларын иштетпей эле коюу туура болот”, — деди компаниянын директору Жолдошбек Ачикеев.

Эске салсак, буга чейин Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктар электр энергиясына берилген чектен ашып кетип жатканын айтып, бул кышкысын жарык менен камсыздоо иштерине тоскоолдук жаратарын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости