www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашты.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.

Таймашта спортчу украиналык Aнастасия Шустова менен кез келди.

Кыргыздын балбан кызы атаандашын буттан алып жерге отургузуп, эки упай алды. Партерде анын эки бутун кайчылаштыра мыкчып кармап, төрт жолу тоголотуп салды. Эсеп 12:1 болуп, беттеш Айперинин пайдасына аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости