www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кеткендиктен, Кыргызстан Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык системасына кирген бардык өлкөлөр менен электр кубатын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Улуттук энергетикалык холдинг Тажикстандан электр энергиясын алуу боюнча кырдаалды түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кеткендиктен, Кыргызстан Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык системасына кирген бардык өлкөлөр менен электр кубатын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

"Региондун энергетикалык системасы ресурстарды рационалдуу пайдалануу үчүн электр энергиясын бири-бирине берип турушуна мүмкүнчүлүк берет. Буга байланыштуу октябрь айынын башында Тажикстандын энергетика системасынан электр кубаты алынган. Ал Баткен жана Ош облусундагы нормадан ашык колдонулган энергияны жаба алат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 1-октябрь күнү Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйыны учурунда Кыргызстан Тажикстандан күн сайын 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алып жатканын кабарлаган. Электр кубаты ошол күндөн, 1-октябрдан тарта, алына баштаган. Ал ошондой эле кеп алмашуу эмес, сатып алуу жөнүндө болуп жатканын билдирген. Министр тажик тарап электр энергиясы ашып жаткандыктан Кыргызстанга сунуштаганын кошумчалаган.

Бирок Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып алып жатат деген маалыматты төгүндөдү. Маалыматка караганда, өткөн жуманын орто ченинде Кыргызстандын Улуттук энергетика холдингинин жетекчиси Тажикстандын мамлекеттик "Барки Точик" энергокомпаниясына КРге 1-октябрдан тарта электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушу менен кат жолдогону белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости