www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эмне үчүн министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов сопровождение менен жүрөт деп сурады. Бул суроону парламентарий бүгүн, 6-октябрда, Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда, президенттин өкүлү Анарбек Калматовго узатты. "Министрлер кабинетинин төрагасы, мурункудай, премьер-министр кезиндегидей милициянын коштоосунда жол жүрөт. Бирок, азыркы күндө ал жөн гана президенттин жардамчысы", - деди депутат.

Бекешев мисал катары президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовду келтирди. Ал эч бир коштоосуз жана коргоосуз жүрөт.

Калматов буга дале эски мыйзам иштеп жатат, анткени жаңы мыйзам министрлер кабинети тарабынан кабыл алына элек, деп жооп берди. Ошол эле учурда, жаңы мыйзам кабыл алынаары менен ушул суроону көтөрүп чыгарын убадалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости