www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алты өлкөнүн тургундарына АКШга кирүүгө тыюу салган указды кайра калыбына келтирүү боюнча Акүй Жогорку Сотко кайрылды. Мурда бул тыюуга ылдыйкы инстанцциядагы соттор тарабынан дискриминацияга жол берет деп табылып, аныкталбаган мөөнөткө бөгөт коюлган эле. Өкмөт соттук чечимдерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен шашылыш түрдө эки арыз берди. Талаштуу указ АКШда массалык каршылык акцияларына себеп болгон.

Эскерте кетсек, Трамптын биринчи миграциялык указы январдын соңунда чыккан, анда Сомалинин, Ирандын, Сириянын, Судандын, Ливиянын жана Йемендин жарандарына виза берүүгө тыюу салынган. Бирок Мэриленд штатынын округдук соту конституциялык укуктарды бузат деген токтом токуп, бул указга убактылуу бөгөт койгон эле.

Булак: NazarNews.kg

Следующий >

Последние новости