www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын эсебинен НАТОну Россиянын батышына чейин жылдырууга умтулуу АКШ жетекчилигинин экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң саясий катасы болушу мүмкүн. Мындай пикирин мурдагы коргоо министринин кеңешчиси Дуглас Макгрегордун The American Conservative басылмасына жазган макаласына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Американын бийлиги эч нерседен сабак албайт жана баарын тез унутат. Джо Байден менен анын партиясы Евразия мейкиндигинде Россия, Кытай, Индия, Япония, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия сыяктуу экономикалык державалардын үстөмдүгүн өздөрү бекемдеп берүүдө. Батыш ЖМКлары Россияны дайыма жагымсыз өңүттө көрсөтүп, Байден андагы өзү ишенгиси келген кымындай нерселерге карманып жатат окшойт. Бирок азыркы кырдаалдын чыныгы себеби Украинанын эсебинен НАТОнун чыгышты көздөй жылышы экенин моюнга албай коюуга болбойт", — деди адис.

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Батыш менен мамилеси ого берет начарлап, Украинанын айланасында кырдаал курчуй баштаганда, Москва Вашингтонго коопсуздук кепилдиги боюнча документтердин долбоорун тапшырган. Анда Кремль НАТОдон постсоветтик өлкөлөр менен аскердик кызматташтыгын токтотууну, алардын аймагында база түзүүдөн баш тартууну, Россиянын чек арасына жакын жерде сокку уруучу куралдарды жайгаштырбоону, Американын өзөктүк куралдарын Европадан чыгарууну жана НАТОну чыгышты көздөй кеңейтпөөнү талап кылган.

Бирок быйылкы жылдын башында кат түрүндөгү жообунда Батыш Россиянын негизги талаптарын четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости