www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султан дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 4-апрелде америкалык National Interest басылмасына жарыяланган макаласында айтылат.

"Казакстан менен Орусия кургактыкта дүйнөдөгү эң узун чек арасы бар өлкөлөр катары эки тараптуу өзгөчө кызматташтыкка ээ. Ошол эле маалда биздин Украина менен да терең достук мамилебиз калыптанган. Биз дүйнөдөгү башка көптөгөн мамлекеттер сыяктуу эле бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сыйлайбыз", — деп жазылган "Евразиядагы турбуленттик прогрессти жайлата албайт" аттуу макалада.

Токаев макаласында Орусиянын Украинага каршы агрессиясын "согуш" деп атаган. Орусияда Украинадагы окуялар жөнүндө кеп кылганда "согуш" сөзүн колдонууга тыюу салынып, кол салууну "атайын аскердик операция" деп атап келишет.

"Жаңжал БУУнун уставына ылайык тез жана адилеттүү чечилет деп үмүттөнөм. Мен Орусиянын президенти Владимир Путин менен да, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да дайыма түз байланышта болуп, аларды диалогго жана маселени тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырып келгем. Казакстан эл аралык ортомчулук ролун улантууга даяр жана ага жөндөмдүү", - деп жазган казак президенти.

Токаев 2019-жылдын аягында Deutsche Welle басылмасына маек берип, Крымды аннексияланган аймак деп эсептебей турганын айткан. "Биз Крымда болгон окуяны аннексия деп айтпайбыз. "Аннексия" — Крымга карата айтылган өтө оор сөз", - деген ал. Токаевдин бул сөзү Казакстанда да, башка өлкөлөрдө да катуу сынга кабылган. Киев казак президентинин сөзүн "өзгөчө таарынтуучу сөз" деп атап, ал эки тараптуу мамилелердин принциптерине каршы келерин белгилеген.

Өткөн жумада Брюсселге барган Токаевдин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Тимур Сулейменов EURACTIV news басылмасына маек куруп, "Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын" өлкө Крымдын аннексияланышын да, Украинанын чыгышындагы "ДНР" жана "ЛНР" деп аталган жикчил аймактардын көз карандысыздыгын да "тааныбаганын жана тааныбай турганын" айткан. Мындан тышкары ал Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү катары Москванын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө жардам бербестигин белгилеген.

Казакстан буга чейин Орусиянын Украинадагы агрессиясын айыптаган БУУнун эки резолюциясын ачык колдобой, бул маселе боюнча калыс позициясын билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости