www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинага басып киргенден кийин киргизилген экономикалык чектөөлөр Өзбекстандагы инвестициялык долбоорлорду каржылоого терс таасирин тийгизип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов билдирди.

"Акыркы окуялар биздин аймактын инвестициялык жагымдуулугуна да терс таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан биз ири инвестициялык долбоорлорго каржы булактарын издөөгө аргасыз болуудабыз. Бул албетте алдыга коюлган түзүмдүк реформаларды тез жана натыйжалуу ишке ашырууну талап кылат. Мындан улам айрым инвестициялык долбоорлорду токтото турууга туура келиши мүмкүн. Мындан тышкары биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн улуттук валюталарынын девальвациясы да сумга таасир этүүдө", - деди Нурмуратов.

Анын айтымында, Өзбекстан чет өлкөлөрдөн импорттогон мунай, металл, акталган таруу жана өсүмдүк майы сыяктуу сырьелор менен азык-түлүк товарларынын дүйнөлүк баасы да жогорулап жатат.

"Мындан тышкары салттуу деңиз жолдору да барган сайын татаалдашып баратат", - деп кошумчалады Борбордук банктын төрагасы.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости