www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь окуялары боюнча сот отуруму кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 6-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020- жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Жыйынга судья Убайдулла Сатимкулов төрагалык кылууда.

Темирлан Султанбековдун жактоочусу ооруп калганына байланыштуу сот отуруму 8- апрелге жылдырылды. Судья Сатимкулов катышуучуларга процесстин онлайн трансляциясын башка залдан же көчөдөн көрүүгө болоорун түшүндүрдү.

Ал үчүн атайын техникалар даярдалган. Бул иш боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, УКМКнын мурдагы кызматкери, саясатчылар Жеңиш Молдокматов жана Темирлан Султанбековго айып тагылган.

Өмүрбек Бабановдун материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн

Булак: NazarNews.kg

Последние новости