www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мирзияев президент болуп келгени өзбек менен чек аралар такталып, Каримовдун диктатынан кутулуп калдык. Чек арада ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Жакында болгон Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта эки адам көз жумду. Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп өскөнү, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы, өзбек паспортун да сактап жүрүшкөнү кабарланды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында бир нече кыргыз жараны атчан Өзбекстандын аймагына жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр киргени аныкталган. Өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийбей, аларды кармоо учурунда чыр чыккан.

Өзбек чек арачылары алар жалпы суммасы 20 000 АКШ долларынан ашык жүктү аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылышканын маалымдаган. Окуя болгон жерде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугуп, кырдаалды талкуулашты. Жыйынтыгында ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду.

Учурда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чеке аралар такталып бүттү. Кыргызстандын аймагында өзбек калкы жашаган анклавдар бар: Сох, Чоң-Кара-Калча, Шахимардан жана Таш-Дөбө. Эгемендүүлүктү алгандан бери узак жылдардан бери Ташкен Сох анклавына коридор алуу тууралуу маселени коюп келатат.

Алсак, 2001 жылы эки мамлекеттин башчылары ал эмес ушул боюнча меморандумга кол коюшкан. Бул меморандум боюнча Кыргызстан Сохко коридор бериш үчүн башка аймактардан жер алуу каралган. Бирок бул маселе да абдан кооптуу, коомчулуктун бул маселеге каршы чыгышы, бул документтерди кайра карап чыгууга мажбур кылган. Анткени, эгер Сохко коридор бере турган болсок Баткен жана Лейлек райондору жана Сүлүктү шаары Өзбекстанга анклав болуп калат.

Эмне кылуу керек? Же анклавдарга коридор бериш керек, же болбосо эки тараптуу маселелерди кайра талкуулап чыгыш керек. Өзбекстан албетте, өз жарандарынын кызыкчылыгын коргойт. Сөз бир-эки киши тууралуу болгон жок, ошондуктан бул маселелер эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чечилип жатат.

Өзбек туугандар ошол союздук республикалардын бири катары өздөрүнө бөлүнгөн жердин байлыктарына ыраазы болуп жашашы керек эле. Совет учурунда  өзбектер Кыргызстандын чоң суу сактагыч кура турган жерин көрүп “ушуну биз алсак” деп биздин жерге да көз арта баштайт. Кыргызстандын территориясында Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунан аккан суулардан топтолуп отуруп республикада төртүнчү чоң суубуз Кара дарыя пайда болгон. Эми ошол кара дарыянын жанындагы “Кемпир-Абад” деген жерди алмай болушат. Өзгөн районунун аймагына бул жерде Кыргызстанга тиешелүү суу сактагыч курулмак. Хрущев болсо миңдеген гектар жерди Кыргызстандын ошол учурда жогорку кызматта турган жетекчилери Турдакун Усубалиев менен Ахматбек Сүйүнбаевге айтып Өзбекстанга бердиртип жиберет. Ошондо жер Кыргызстандыкы, ал эми суунун бети Өзбекстандыкы деген шарт менен берилиптир. Эми дүйнөдө мындай келишим дегеле жок экен. Ал эми суу сактагычта 2,5 миллиард куб суу сакталат. Бул бир маселе.

Экинчиси, ошол бийик суу сактагычтан түшкөн суу электр энергиясын берет. Эми биз дүйнөлүк экономикалык мамилеге өттүк. Кыргызстанда бир убакта газ болбой калган. Биз газды Өзбекстандан алчубуз. Каримов бизге дүйнөлүк баа менен алгыла деген. Анан айла жок ал айткан баа менен алып жатсак да, газ бергенди токтотуп салган. Эми биздин суудан чыккан электр энергиясын Өзбекстан дүйнөлүк баа менен алышы керек. Эмесе миң киловатт электр энергиясы төмөнкү баа менен эсептегенде 200 доллар болот экен. Ал жерде 2,5 миллиард куб суудан чыккан бери жагы эле 200-250 миллион долларлык электр энергиясы бекер берилип жатпайбы. Ал аз келгенсип “Суу сактагычтын бети Өзбекстандыкы” деп шылтоолоп биздин өлкөнүн территориясына өзүнүн аскерин киргизип салган. Учурда алар Кыргызстандын жеринде курулган суу сактагычтын үстүндө өздөрүнүн кайыгына отуруп алып, көк чай ичип көңүл ачып жүрүшөт.

Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.

Анда белгиленгендей, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген. 2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары берген. Алар Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) жер бөлүнгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрында түзүлгөн «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимге «Керкидан суу сактагычы» жана «Полигон» тилкелери жазылган жана кошулган. Өзбекстан менен чек ара маселеси оозеки чечилип калгандай, эми мыйзам түрүндө чечилиш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости