www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков "Кумтөр голд компани" жергиликтүү компаниялар менен азыраак иштешип, чет элдик компанияларга артыкчылык берип жатканын билдирди.
Анын айтымында, мурда Centerra кыргызстандык компанияларды жалдап иштетчү, азыр тендерлерди Казакстандан, Монголиядан, Түркиядан уткандар көбүрөөк болуп жатат.
"Өзүбүздүн ата мекендик өндүрүүчүлөргө артыкчылык берсек. Теңиз Бөлтүрүктөн суранат элем, ушул багытты адилеттүү караса. Эгер башкалар тендерден ута берсе, акча дагы деле чет өлкөгө кете берет. Ушуга дагы маани берсе", — деди Кадырбеков.
Мындан сырткары, депутат Кумтөрдөн башка дагы 12 чоң алтын кениндеги Кыргызстандын үлүшүн 30-40 пайызга чыгаруу керектигин айтты.
Булак: NazarNews.kg