www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын аскер кызматкерлери Кант авиабазасына бара турган темир жолду биринчи ирет ремонт кылууну чечти. Орусиялыктар тарабынан 500 метр жол ремонттолуп, 400 темир-бетон шпала жана 35 тонна рельс алмаштырылат. 

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар - Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө эсептелип келген, бирок 2012-жылы атайын макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Орусиянын бирдиктүү аскерий базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси. 2001-жылдагы террор аракетинен кийин АКШ тарабынан кийирилген «Манас» авиабазасы 2015-жылы чыгарылган. Президент кезинде Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын статусу жана жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койгон.

Бул протоколго эки өлкөнүн башчылары 2019-жылдын 28-мартында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде кол койгон. 2019-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш аны дароо үч окууда колдоп берген. Протоколго ылайык, базанын аянты 924,52 гектар деп жазылды, бул 2012-жылдагы макулдашууда жазылгандан 58,32 гектарга көп. Ошого жараша орус тараптын базанын ижарасы үчүн төлөөчү акысы да жылына 291 миң 600 долларга көбөйөт. Азыр жыл сайын 4 млн 502 миң 495 доллар төлөнүүдө. Орусия 2012-жылдан берки айырманы да төлөп берүүгө макул.

Бирок көптөн бери элдин тынчын алган протоколдогу экинчи өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жүрөт. Ал Канттагы авиабазанын учуу-конуу тилкесин Орусиянын менчигине өткөрүүнү камтыган пункт. Буга базанын учуу-конуу тилкесин 2 миллиард рублга оңдош үчүн сөзсүз түрдө орус тараптын менчигине өткөрүү зарыл деген жүйө келтирилип жатат.

Стратегиялык өнөктөшүбүздүн бизге болгон мамилеси биз ойлогондой эмес экен. Муну ошол пункт ачык-айкын көрсөтүп турат. Биз канчалык жагынганыбыз менен ал бизге автономдуу облусундай эле мамиле кылат экен. Президент элдин өкүлү, демек бизди эл катары деле көрбөй калгандай. Биз аны мурда турмуштук жагдайда көп эле жолу көрүп келгенбиз.

Акыркы мезгилде Түркиянын «Байрактар» учкучу жок учагы Украинада Донбасска каршы колдонула баштады. Түркия менен Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттик уюм аркылуу кызматташууда. Бүгүнкү күнү Түркия менен Орусия ортосундагы мамиле супсак деп айтууга да болбойт. Эгерде биздин президенттин аппараты коомчулук менен коммуникацияны түз, жакшы курганда, балким, мындай божомолдор дагы чыкмак эмес.

Бизде кандай маселе көтөрүлбөсүн, президенттин деңгээли эмес дегендей мамиле кылып, формалдуу пресс-релиздерди жарыялап коюшат. Ошондой эле, өнөктөш мамлекеттер менен дагы коммуникация начар экен. Бул стратегиялык өнөктөштөрдүн ортосундагы мамиленин көрсөткүчү эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости