www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убактылуу өкмөттүн бекер акчасына «Ак шумкарды» шуулдатып, Кыргыз мамлекетинин жана кээ бир банк ячейкаларындагы акчаны Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн капчыгына салып берген Темир Сариев камалып жаткан. Банк ячейкаларынан жоголгон акчалардын дайыны ушул кезге чейин айкындала элек.
Темир Сариев Кыргызстандын экологиясын бузуп, канадалык «Центерра» ишканасына официалдуу уруксат бергенге негиз түзүп бергени үчүн камакка алынган. Буга чейин Сариев кайрылуу жасап, эл алдында абийири таза экенин айтып, чындык үчүн акырына чейин күрөшөөрүн билдирген. Ооба, Темир Сариев актанбаганда ким актанат эле? Сариев инсан катары да, жетекчи катары да өзүн жаман да, жакшы да жагынан көрсөтө алган.
Күздө боло турчу парламенттик шайлоого “Ак шумкар” партиясы катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген. Туруктуу электораты жок Темир Сариевге учурда биригүүнү сунуш кылгандар арбын эле. Бирок саясатчы акыл калчап, акыркы чечимин аз күндө жарыяламак. Мамлекеттин тагдыры чечилип атканда, Темике тайгак жолду тандай турганын былтыркы шайлоодо, бир «Ата-Мекенге», бир «Бүтүн Кыргызстанга» буйтап жүрүп көрсөткөн. Мындай «Күн тийген жердин күкүгүн» камап жатышып, шайлоо алдында ал бошотулду.
Биринчи май райондук соту Темир Сариевдин баш коргоо чарасын караган. Сариев күнөөсү болгондуктан дагы эки айга, 30-ноябрга чейин, камакта калтырылган. Кумтөр темасына кызыккандар, “Кумтөр оперейтинг компанинин" ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету…” деген көлөмдүү документти окуп чыкса болот. 2012-жылы Сариев жетектеген комиссия канадалыктарга Кыргызстанды көз каранды кылган көп иш жасаган.
Комиссия кенди иштетүүнүн бардык мезгилинде Кыргыз Республикасы ар бир жаңы келишим менен өз позициясынан баш тартканын туура аныктаган. Өзгөчө Данияр Үсөнов кол койгон 2009-жылкы келишим адам өлтүрүүчүлүк менен жасалган. Комиссия келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча акылга сыярлык сунуштарды берсе болмок, ал эмес, канадалыктар менен түзүлгөн бардык келишимдерди бузуш керек эле. Арийне, май талканга магдыраган Темир Сариев булганыч колдору менен кыргыз мөңгүлөрүн талкалоого шарт түзүп берген.
Азыркы бийлик туура жол менен канадалыктар «хай-хайлап» жаткан жыргалчылыкка бутун тосту. Негизи, азыркы өкмөт элдин көпчүлүк сунуштарын дээрлик аткарды. Айтмакчы, азыркы бийлик эл аралык соттордо утулуп калса, Кыргыз Республикасы үчүн тобокелчиликтерди жана кесепеттерин кыраакы сүрөттөп берди. Темир Сариев ошондо эле ушундай кадамга барганда мамлекеттин бутуна туруп кетишине жакшы жөрөлгө болмок. Сариев тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жылдык төлөмдүн өлчөмү аз көрсөтүлгөн. Эч кандай мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген бааны канадалыктарга төлөгөн.
2012-жылы мамлекеттик комиссия Баш прокуратурага: А.Акаев, Т.Чыңгышев, Д.Сарыгулов, А, Жумагулов, Б.Силаев, К.Кудайбергенов, А.Жакыпов, Н.Танаев, И.Чудинов, Д.Үсөнов, К.Курманалиев сыяктуу, ошондой эле, башка тиешелүү официалдуу адамдарды жазалоо тууралуу сунуш беримиш болгону менен, эч натыйжа чыккан эмес. Андан көрө юридикалык баа берүү жана “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө күнөөлүү адамдардын жоопкерчилик чарасын баса белгилеп, чараларды көрсө болмок.
2013-жылдын 21-февралында Кумтөр долбоорун ишке ашырууда Жогорку Кеңеш комиссиянын корутундулары менен толук макул болуп, чечим чыгарган. Ошону менен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол ачылган.
Сариев өкмөт башына келген мезгилде Бажы союзуна киргенбиз. Жакында Орусия аймагында өзүнөн башкалардын айдоочу күбөлүгүн жараксыз деп тапкан. Бир гана Кыргызстандын «айдоочу күбөлүгү» менен машина айдоого уруксат берилди. Бирок бул, албетте, Темир Сариевдин эмгеги эмес.
Акаевдин убагында Үзөңгү-Куушту Кытайга бергени үчүн Киев көчөсү менен Чүй проспектинин ортосундагы имараттарды бүт менчиктештирип алганын унчукпай эле койолу. Темир Сариев Убактылуу өкмөттүн финансы министри болуп туруп банк ячейкаларындагы акчаларды капчыгындагы акча сыяктуу көргөнүн да айтпай эле койолу. Кытай фирмасына тендер боюнча жан тартып, өкмөт башчысынан кеткенин деле элдин бары билет. Темикенин «тёмный» иштери көп, учурда машина айдап баратып жол укуктарын сактабаганы, кокус ал президент болсо мыйзамды сактай алабы деген сөзгө барып такалат экен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg