www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын чалгын кызматтары Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин учурдагы жайгашкан ордун так аныктай албай жатканын CNN жазды.
Маалыматта айтылгандай, ал акыркы убакта коомчулукка чыкпай, оор жаракат алгандан кийин дарыланып жатканы тууралуу версиялар бар. Бирок анын ден соолугу жана абалы боюнча так тастыкталган маалымат жок.
Ошол эле учурда айрым булактар анын Ирандын аскердик жана саясий чечимдерине таасирин сактап калып жатканын билдиришүүдө. Расмий өкүлдөр болсо анын абалы жакшы экенин айтып, дарылануу жүрүп жатканын белгилешкен.
АКШ чалгын кызматтары Ирандын башкаруу системасында азыркы учурда так бийлик бөлүштүрүү толук анык эмес экенин да кошумчалашты.