www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кошмо Штаттарынын чалгынчылары Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчилери Украинадагы согуштагы жоготуулар, анын кесепети тууралуу андан чындыкты жашырып, толук маалымат бербей жатат деп эсептейт. Бул тууралуу Assoсiаted Press агенттиги АКШ администрациясынын атын атабаган өкүлүнө шилтеме кылып жазды.
Анда Путинге Украинадагы согушка келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлер гана катышып жатат деген маалымат берилип, чакыруу менен барган жоокерлер дага бар экенин, алардын өлүмүн айтпай жатышканы белгиленген.
Америкалык чалгынчылардын маалымдашынча, Батыш өлкөлөрү салган санкциялардын өлкөнүн экономикасына тийгизген кесепетинин көлөмү тууралуу дагы Путинге толук маалымат берилген эмес.
«Путин фронттогу проблемаларды айтпай жашырып жатканын сезип жатат, мындан улам президент менен аскер жетекчилеринин ортосунда чыңалуу күчөдү»,- деген Ак үйдүн өкүлү. Кремль буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
29-мартта Украина менен Орусиянын делегацияларынын Ыстамбулдагы сүйлөшүүсүндө жылыш байкалганы кабарланган. Аны улай Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирген. Бирок украин бийлигинин өкүлдөрү орус күчтөрү 30-мартка караган түнү Украинанын түндүгүндөгү шаарларга сокку урууну улантканын билдиришти.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg