www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров акыркы бир жыл ичинде Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 14 жолу учуп барып, жеке вилласында эс алган. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы учактардын кыймылына мониторинг кылган сервистердин жана Кадыровдун айланасындагы адамдардын соцтармактардагы маалыматтарына таянып кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, Чеченстандын башчысы эс алган вилла жасалма жол менен курулган Палм-Жумейра аралында жайгашкан. Анын бир суткалык ижара акысы 3 миң долларга жакын сумманы түзөт. Рамзан Кадыров азырынча бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Буга чейин орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын командасы аталган аралда Украинанын "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймагынын мурдагы башчысы, азыр Мамлекеттик думанын депутаты болуп турган Александр Бородай сатып алган апартаменттер бар экенин, алардын баасы 450 миң еврону түзөрүн билдирген. Бородай бул маалыматтарды четке каккан.
Булак: NazarNews.kg