www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети кезектеги отурумда макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти түзүү чечимин жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Координациялык кеңешти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектемей болгон. Жаңы органдын негизги максаты - өлкө экономикасын турукташтыруу жана өнүктүрүү экени белгиленди.

Жыйын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрү 10дон ашуун маселени караган. Ошондой эле башка дагы чечимдерге ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү жана "Ысык-Көл" аэропорту авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн күнү-түнү иштемей болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости