www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина, негизинен, Орусиянын НАТОго кирбөө жана өлкө аймагында чет элдик аскер базаларын жайгаштырбоо боюнча башкы талаптарына макул болду. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, орус делегациянын жетекчиси Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал белгилегендей, Украина келечекте кабыл алынып калышы мүмкүн болгон келишимдин принциптерин кагаз жүзүндө берди. Анда Украина НАТОго кирүүдөн, өзөктүк куралдарды жана массалык өлүмгө алып келчү башка куралдын түрлөрүн алууну жана пайдаланууну, ошондой эле чет элдик аскер базаларын жана аскер контингенттерин өз аймагында жайгаштыруудан баш тарта турганы камтылган.
"Башкача айтканда, Украина Орусия акыркы жылдары талап кылган негизги нерселерди аткарууга даяр экенин билдирди", — деген Мединский "Россия 24" телеканалынын эфиринде. Анын айтымында, эгерде талаптар аткарылса, Украинанын аймагында НАТОнун аскер аянтчасын түзүү коркунучу болбойт. Ошондой эле, RT телеканалы Мединскийдин толук билдирүүсүн таратты.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg