www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын 16-эң ири банкы болгон “Silicon Valley Bank” банкы Калифорниянын Финансылык коргоо жана инновация департаменти тарабынан жабылгандан кийин банкрот болду. Бул тууралуу Associated Press билдирди.
Насыялык уюм стартаптарга багытталган.
“SVB” банкроттугу 2008-жылдагы кризистен берки эң чоң банкрот болгон, банк “Washington Mutual Bank” кийинки АКШнын тарыхындагы экинчи ири банкрот болуп калды. Насыялык мекемедеги аманаттардын 87 пайызы камсыздандырылган эмес, бул аманатчылардын акча каражаттарын кайтарып берүүсүн кыйындата турганы белгиленген.
Өткөн жылы венчурдук фирмалардан эрте каржылангандан кийин ачыкка чыккан АКШнын технологиялык жана саламаттыкты сактоо компанияларынын дээрлик жарымы “Silicon Valley Bank” банкынын кардарлары болгон.
“SVB” азыр Федералдык депозиттерди камсыздандыруу комиссиясынын көзөмөлүндө. Капиталдын калган бөлүгү аманатчыларга компенсация төлөөгө жана насыя карыздарын төлөөгө жумшалат.
Булак: NazarNews.kg