www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциясынын бир нече шаарында элдик толкундоолор күч алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бүгүн, 11-мартта  Париждеги "Республика" аянтынан пенсия курагын көтөрүүгө каршы акциясы башталды. Маалым болгондой, акцияга он миңдеген адамдар катышууда.

Пенсия реформасына каршы демонстранттардын ортосунда кагылышуу болуп, укук коргоо кызматкерлери чогулган элди таяк менен артка сүрүп чыгышты.

Демонстранттардын арасында алдыңкы профсоюздардын өкүлдөрү, транспорттун, энергетиканын, өнөр жайдын жана башка тармактардын кызматкерлери, медицина кызматкерлери, мугалимдер, жаштар жана студенттер, “желтые жилеты” кыймылынын жактоочулары, ошондой эле радикалдык “black bloc” жаштары бар.

Радикалдар полицияга бөтөлкө ыргытып, алар тарапка петардаларды агызганга чейин акция тынч өтүп жаткан. Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Ушул тапта Бастилия аянтында демонстранттар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Полиция миңдеген элди артка кайтарууга аракет кылууда: союлдар жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулууда. Аянтта митингчилердин саны көбөйүүдө. Жалпы өлкө боюнча 230 нааразылык акциясы пландалууда. SNCF улуттук темир жол компаниясынын поезддеринин кыймылы катуу үзгүлтүккө учурады, Париждин Орли аэропортунда каттамдардын 20%га жакыны токтотулду.

Белгилей кетсек, Франциянын премьер-министри Элизабет Борн 10-январда өлкөнүн пенсия курагын көтөрүү жана бир катар оор кесиптер үчүн “өзгөчө” режимдерди жоюу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Анын айтымында, бийлик 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта өлкөдө пенсия курагын жылына үч айга көтөрө баштайт. Ошентип, 2030-жылга чейин ал 64 жашка чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости