www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин Будапештте өтөт деп пландалган жолугушуусунун токтотулушу эл аралык саясатта чоң суроолорду жаратып, бүгүнкү күнгө дейре талкуулар токтой элек.

Financial Times жазгандай, Москва Вашингтонго Украинадан аймактык чегинүү, Куралдуу күчтөрдү кыскартуу жана НАТОдон баш тартуу, Донбасска толук көзөмөл кылуу дымагын билдирген документ жөнөткөн. Бул талаптар АКШ үчүн дипломатиялык чектен чыккан кадам катары кабыл алынып, сүйлөшүү токтотулган. Трамп: "Мага бул туура эместей сезилди. Анткени биз көздөгөнүбүзгө жетчүдөй эмеспиз. Ошондуктан мен жолугушууну токтоттум”, - деп билдирди.

Кызыгы, Вашингтон Москвага кабыл алынгыс талаптарды коюп жатат деген доомат артып, ошол эле учурда Украинага “Томагавк” ракетасын беребиз деп жыландын башын кылтыйтып, эки жүздүүлүк оюн жүргүзүп жатат. CNN маалыматына караганда, Пентагон Украинага алыскы аралыктагы “Томагавк” ракеталарын берүү демилгесин колдогон. Мындай иттин өлүгү жыттанган саясаттын түпкүлүгү, техникалык жактан “коргонуу” деп мүнөздөлгөнү менен, саясий жактан түздөн-түз Россияны чагымга түрткөн чечим болот. 

Арийне, “Томагавк” маселеси Вашингтон үчүн дипломатия эмес, басым жасоо ыкмасына айлангандай. Россия муну “кастыкты күчөткөн аракет” деп баалап, эгер мындай куралдар колдонулса, жооп катуу болорун эскертти. Ырасында, мунун баары АКШнын коопсуздук жана тынчтык түшүнүгүн саясий оюнга айландырганын айгинелеп турат. 

Путин “согуштан көрө диалог жакшы” десе, Вашингтон басымдын, үстөмдүктүн, ракетанын тилин тандап жаткандай. Мындай кырдаал дүйнөдөгү коопсуздук архитектурасын түп тамырынан өзгөртөт. Андыктан АКШнын кадамдары эл аралык мыйзамдарды “саясий ыңгайлуулукка” баш ийдирүүнүн ыкмасы катары бааланууда.

Последние новости