www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү саясатчы Токон Мамытов Ливиядагы кырдаалга токтолуп, Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин бул өлкө бирдиктүү мамлекет катары жашоосун токтотконун белгиледи.
Анын айтымында, Ливияда борбордук бийлик кыйрап, өкмөттүн ордун ондогон куралчан топтор жана уруулар басып алышкан. Натыйжада өлкө ичинде бийлик үчүн кандуу күрөш башталган.«Экономика талкаланды. Нефть кирешеси кескин азайып, гиперинфляция күчөдү. Миллиондогон адамдар жакырчылыктын чегинен ылдый калды. Терроризм жана диний фанатизм күч алды. Мурунку туруктуу, бай жана светтик Ливиянын ордуна “Аль-Каида”, ИГИЛ сыяктуу террористтик уюмдардын базалары пайда болду», — деди Мамытов.
Саясатчы ошондой эле бул кырдаалдын натыйжасында чоң гуманитардык кризис жаралып, жүз миңдеген качкындар Европага агылганын кошумчалады. Жер Ортолук деңизи «мүрзө деңизине» айланып, миңдеген адамдар өмүрүн жоготушкан.«Демократиянын ордуна — кыйроо, өлүм, анархия жана феодалдык бөлүнүү келди. Бул — “калкты Каддафи режиминен коргоо жана жаңы Ливияда демократия куруу” деген шылтоо менен жасалган агрессия акты болду», — деп белгиледи Токон Мамытов.
Эске салсак, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама да кийинчерээк Ливиядагы аскердик кийлигишүүнү өзүнүн башкаруусундагы эң чоң катачылыктардын бири катары ачык мойнуна алган.