www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The Telegraph басылмасынын эсебине ылайык, 24-июлга карата АКШнын Ирандагы аскердик операцияларына кеткен жалпы чыгым 151,3 миллиард долларды түзгөн. Азыркы чыгымдардын темпи өзгөрбөсө, жыл соңуна чейин бул көрсөткүч 311 миллиард доллардан ашышы мүмкүн.
Буга чейин АКШнын коргоо министри Пит Хегсет өкмөттүн согушка байланыштуу расмий чыгымы 37,5 миллиард долларга жеткенин билдирип, кошумча 67–70 миллиард доллар бөлүүнү өтүнгөн.
Маалыматтарга ылайык, жаңжал башталгандан бери Иран аймактагы АКШнын 20 аскердик базасына сокку урган. Расмий маалымат боюнча, 18 америкалык аскер каза болуп, 624ү жаракат алган.
Ал эми Гарвард университетинин профессору Линда Билмс учурда жарыяланып жаткан каржылык көрсөткүчтөр согуштун чыныгы баасын толук чагылдырбай турганын айтып, бул чыгымдар «айсбергдин чокусу гана» болушу мүмкүн экенин белгилеген.