www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы Бишкек шаарындагы Горький көчөсү 72, 72а жана Гвардия көчөсү 13, 13а даректеринде курулуп жаткан 10 кабаттуу көп батирлүү турак үйгө текшерүү жүргүздү.

Маалыматка ылайык, буга чейин объект боюнча «Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жөнүндө» буйрук күчүн жоготкондуктан, архитектуралык-уруксат берүүчү документтер жокко чыгарылган. Ошондой эле курулуш иштерин токтотуу тууралуу расмий билдирүү берилген.

Бирок текшерүү учурунда коюлган талаптарга карабастан, объектте курулуш-монтаждоо иштери уланып жатканы аныкталган.

Мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн курулуш жүргүзгөн тарапка 213 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, укуктук баа берүү үчүн материалдар Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Ошондой эле 2026-жылдын 13-июлунда жүргүзүлгөн контролдук текшерүүдө да курулуш иштери токтотулбаганы белгилүү болду.

Анын жыйынтыгында мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы үчүн «Император Строй» ЖЧКсын Курулуш министрлигинин кара тизмесине киргизүү жана анын курулуш лицензиясын токтотуу боюнча министрликке сунуш кат жөнөтүлдү.

Последние новости