www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин Коргоо армиясы АКШ Иранга 31-январда же 1-февралда сокку урушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу Израилдин Коргоо армиясындагы жогорку даражалуу булакка таянып, америкалык “The War Zone” басылмасы кабарлаганын билдирет.
Булактын айтымында, Вашингтондун пландары өзгөрүшү мүмкүн жана процесс “бир адамдын чечимине” көз каранды. Бул жерде АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу сөз болуп жатат.
Басылма Израилдин бийлиги 31-январь жана 1-февралда аймактын аба мейкиндигинде коопсуздук тобокелчиликтери жогорулашы мүмкүн экенин чет элдик авиакомпанияларга алдын ала билдиргенин жазат. Бул кадам мүмкүн болгон аскердик операцияларга даярдык катары бааланууда.
Буга чейин “Middle East Eye” басылмасынын булактары да АКШ ушул жумада Иранга сокку урушу мүмкүн экенин билдиришкен. Алар кол салуунун датасы өзгөрүшү ыктымал экенин белгилешкен.