www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда Кыргызстандын жараны эркинен ажыратылгандыгы тууралуу маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди.

Америкалык тараптан алынган маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын жараны АКШнын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

АКШнын сот органы тарабынан ишти кароонун жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын 22-январында кыргыз жараны Ж.С.А.га карата айыптоо өкүмү чыгарылып, эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленген.

"Аталган жаран кармалган учурдан тартып Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аны менен ыкчам байланыш түзүлүп, зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүлгөн. Жаран менен туруктуу байланыш жүргүзүлүп, анын эл аралык укукка жана кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган консультациялар берилген", - деп айтылат маалыматта.

ТИМ өзүнүн консулдук ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргызстандын жарандарынын кармалышына байланышкан маселелердин үстүнөн туруктуу негизде иш алып барууда.

Последние новости